Акыркы макалалар

Чоң-Алайда жер титирөөдө аткарыла турган иштерге карата машыгуу өтүп жатат

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында "Жарандык коргонуунун жер титирөө коркунучу болгон мезгилде аткарылуучу иш-чаралары" аттуу темада комплекстик машыгуулар өтүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, окутуунун максаты - өзгөчө кырдаал учурунда куткаруучулар менен жарандык коомдун өз ара айкашуу иш-чараларын биргелешип иштеп чыгуу, Облустук жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын өзгөчө кырдаал коркунучу пайда болгон мезгилинде калкты жана аймакты коргоо боюнча иш-чараларды уюштуруу, башкаруунун чыныгы даярдыгын жана машыгууларды өркүндөтүү болуп эсептелинет.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...