Акыркы макалалар

Ноокатта 7 айда 1,4 миң айдоочуга 1,2 млн сом айып пул салынган

Ош облусуна караштуу Ноокат районунда 2014-жылдын акыркы 7 ай аралыгында жол кырсыгы 2013-жылга салыштырмалуу 23 учурга көп катталган, анын жыйынтыгында 11 адам каза болгон. Бул тууралуу Ноокат райондук жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, статистикалык көрсөткүчтөр боюнча, жаш балдар катышкан жол кырсыктары жогору болгон. 2013-жылы январь-июль айларында балдардын катышуусунда 13 кырсык катталып, быйыл анын саны 24кө жеткен. Жол кырсыгы көбүнчө оор жук ташуучу унаалардан оозуп алдыга чыккан учурда болот.

Ошондой эле, маалыматта айтылгандай, кырсыкка оң рулдуу унаалардын көптүгү себеп болууда. Район аймагындагы 2386 чакырым унаа жолу 4 гана жол кыймылынын коопсуздугунун кызматкерлери ккөзөмөлдөйт. 12 миңден ашуун автотранспорт ээлери менен иш алып барат. 2014-жылдын 7 айында 4300 айдоочуга айып пул салынып, 1 млн 200 миң сом өндүрүлгөн.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...