Акыркы макалалар

Ноокендик жарандын тажыясы коомчулукту өзүнө бурду

Интернеттеги социалдык тармактарда “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөсүн акыркы сапарга узаткан 500дөн ашык адамдын "Аллоху акбар" деген кыйкырыгы менен коштолгон видео кызуу талаштарды жаратты. Улуттук коопсуздук кызматы болсо аталган видеотасма териштирилерин билдирди.

Муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов болсо мындай жөрөлгө ислам дининде жок экенин, бул окуяны “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун пропагандасы катары сыпаттады.

Милициянын маалыматында жерге берилген Кадыралы Кулмырзаев аттуу ноокендик жаран аталган уюмдун мүчөсү катары 6 жылга соттолуп, Бишкектеги түрмөдө каза болгон.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...