Акыркы макалалар

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолундагы Долон ашуусу эми 13 метрге ылдыйлайт

Нарын облусундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы бийиктиги 3 030 метрди түзгөн Долон ашуусу оңдоп-түзөөлөрдөн кийин 13 метрге ылдыйлайт. Мындай маалыматты Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү ашуудагы иштердин жүрүшү менен таанышууга барган Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков менен жолугушууда билдирди.

Учурда Долондун бетиндеги жол нугу асфальттоо үчүн тазаланып жатат. Ишти кытайлык "Синогидро" компаниясы жүргүзүүдө. Алардын айтымында, суук эрте түшпөй турса, октябрь айына чейин ашуунун бетин асфальттап бүтөт.

"Аталган компания Кочкор районунун асфальттала элек участкасынан баштап, Ат-Башы районунун кире беришине чейин жолду толук калыбына келтирет. Иш кызуу жүрүп жатыптыр. Бирок жол жээгинде жайгашкан Нарын районунун айрым айылдары компаниянын ишине нааразы болуп кайрылышкан. Шагыл, таш сыяктуу керектүү материалдарды алуу үчүн айыл өкмөттөрүнөн бөлүнгөн жерди туура эмес пайдаланып жатат деген, бүгүн ал маселелерди жеринде чечип бердик", –дейт Турсунбеков.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...