Акыркы макалалар

Жорж Буш атасы тууралуу китеп жазды

Жорж Буш атасы тууралуу китеп жазды

АКШнын 43-президенти Жорж Уо́кер Буш (кичүүсү) 90 жашка келген атасы тууралуу китеп жазды. Бул тууралуу The Crown Publishing Group басылмасы жазууда.

Жорж Буш (кичүүсү) мурда дагы "Түйүндүү чечимдер" аталыштагы китебин жарыкка чыгарган. Ал китебине өлкө башчысы болуп турган учурундагы 18 жылын эскерип - эң талаштуу чечимдерин коргоп, саясий жана экономикалык чөйрөдө кетирген каталарын өз мойнуна алган. Ал эми бул АКШнын 41 президенти Жорж Буш(улуусу )тууралуу китебин атасынын 90-жылдагына арнап, өмур жолун жана эскерүү иретинде колго алган. Ал китеп тууралуу: "Жорж Герберт Уокер Буш-мыкты кызматкер, коомдук ишмер жана ата. Мен чындыгында анын өмүр баянын жазып жатканда ушунчалык рахат алдым. Силер дагы окуганда ошондой рахат аласынар деп ишенем", -деп ой бөлүшкөн. Китеп президенттин кызматынын туу чокусуна чейинки басып өткөн жолун баяндайт. Азырынча китептин аталышы атала элек. Алдын ала маалыматтарга караганда китеп Америка жана Канадада 11-ноябрь 2014-жылы сатыкка чыгат

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...