Акыркы макалалар

Бүгүн "Кыргыз бийдин" бет ачаары болуп өттү

Бүгүн "Кыргыз бийдин" бет ачаары болуп өттү

Бүгүн, 13-августта, "Дамас" ресторанында "Кыргыз бий" ыр тасмасынын бет ачаары болуп өттү.

Долбоордун жетекчиси - кинорежиссер Ырысбек Жабиров бул доолборду ишке ашыруу үчүн жакшы автордук топ түзө алган. Алар - белгилүү акын Кыялбек Урмамбетов сөзүн жазып, Азамат Отунчиев жана Мирлан Ниязовдор обонун чыгарып, "Кыргыз бий" аттуу чыгарманы аткарган Султан Садыралиев.

Эске салсак, кыргыз бийине жаңы ыр жаздырылып, бий элементтерин жаңы бир бийдин алдында топтоо максатында жана нукура кыргыз бийин элге кеңири жайылтуу үчүн ушул жылдын май айында Кыргызстанда "Кыргыз бий" долбоору өз ишин баштаган.

Кытайдагы кыргыздар кыргыз бийинин накта кыймылдарын сактап калгандыгын эске алып, алар менен өнөр алышуу максатында Кыргызстандагы бий топторунун 10 өкүлүн ал жакка жөнөтүп (хореограф жана балетмейстерлер), Кытайдагы кыргыз бийчилери, Кытай Эл Республикасынын эмгек сиңирген бийчилери Бахтияр Мурат жана Гулшайырдан мастер-класс алуу да ийгиликтүү ишке ашты. Өнөр үйрөнгөн топ келгенден кийин, алар өз бий топторунда бий элементтерин үйрөтүштү.

"Кыргыз бий" чыгармасына жалпы 280 ден ашык бийчилер катышып, эң чоң масштабдагы Кыргызстандын жети облусунун көрүнүктүү жерлеринде клип тартылды. Бул клипти тартуу "Медиа-Стар" студиясы менен ишке ашты.

"Кыргыз бий" долбоорунун катышуучулары жалпы кыргызстандыктарды келе жаткан Эгемендүүлүк Күнү менен куттуктап, ушул бий биримдиктин, ынтымактын бийи болсун деп чакырык таштап, жалпы элге ушул белекти тартуулашат, деп билдиришти уюштуруучу топтон

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...