Акыркы макалалар

"Эл жарчысы": Дарыгерлердин кеңешинен ДИАБЕТ ООРУСУН КӨЗӨМӨЛГӨ АЛАБЫЗ


"Эл жарчысы": Дарыгерлердин кеңешинен ДИАБЕТ ООРУСУН КӨЗӨМӨЛГӨ АЛАБЫЗ

КАНТ ДИАБЕТИ - канда кант курамынын (глюкоза) жогорку экендиги менен мүнөздөлүүчү өнөкөт оору.

Дүйнөдө болжол менен 286 млн. адам кант диабетинен жапа чегишүүдө (кант диабети менен ооругандардын саны жыл сайын 6-10% өсүүдө), алардын ичинен 90%дан ашыгы диабеттин 2 түрүнө ээ. Диабет жүрөк, көз, бөйрөк жана колу-буттарга чейин таасир этип, коркунучтуу жагдайларды жаратат. Дарылоо кымбатка тургандыктын, үй-бүлө жана мамлекет үчүн каржы маселеси бир катар кыйынчылыктарга алып келет.

Канда канттын деңгээлинин жогорулуугунун белгилери

Мүнөздүү белгилери — заара көлөмүнүн көбөйүшү (заарада клюкозанын пайда болуусу), ооздун кургашы, чаңкоо жана суюктукту ашыкча талап кылуу (денеде суунун кургашына карата) теринин жана былжыр челдин кычышуусу (биринчи кезекте, жыныс органдарында) териде жана былжыр челде ириңдүү жаралардын пайда болуусу, алсыроо, чарчоо, ишке болгон жөндөмдүн төмөндөп кетүүсү.

Кант диабети менен кимдер көп оорушат?

Чоң кишилер-көбүнчө 45 жаштан жогоркулар (бардык оорулардын 90%ы), 15 жашка чейинки балдар-бардык оорулардын 5%ы

Кант диабетинин келип чыгуусуна өбөлгө болгон коркунуч факторлору

-ашыкча салмак же семирүү;

-кыймыл-аракеттеги активдүүлүктүн төмөндүгү;

-канда холестерин жана май крамынын жогорулашы;

-артериялдык гипертензия жана жүрөктүн башка оорулары;

-65 жаштан жогоркулар;

-диабетке тарткан тукум куучулук;

-баланын 4 килограммдан ашык салмакта төрөлүшү.

Кант диабетин дарылоого болобу?

Заманбап медицина ыкмалары канттын деңгээлин ар убак нормага жакын кармап турууга мүмкүнчүлүк берет. Дарылоо такай жүргүзүлүп, кандагы кант деңгээлин бир нормада кармап турууга багытталышы керек. Мына ошондо гана диабет көзөмөл алдында болот.

Кант диабетинен кантип сактаныш керек?

-туура тамактануу менен жашылча жер-жемиштерди көбүрөөк пайдаланып, май, кант, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди пайдаланууну чектегиле;

-активдүү, сергек өмүр сүргүлө, дене көнүгүүлөрүн дайым жасоо жүрөк-кан тамыр ооруларынан жана семирүүдөн сактайт; салмагыёарга көз салгыла;

-стресстик кырдаалдардан качкыла.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...