Акыркы макалалар

Футбол: Кыргызстандын эки курамасы Ысык-Көлдө даярданышат

Кыргызстандын улуттук жана олимпиадалык курамалары машыгуу-даярдыктарын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өткөрүшөт. Бул тууралуу Кыргызстан Фетбол федерациясынын генералдык катчысы Дастан Конокбаев билдирди.

Анын айтканына караганда, Казакстандан кайтып келген олимпиадалык курама медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин 14-августта Караколго сапар тартат. Бир күн кечирээк улуттук команданын да оюнчулары кошулат.

Конокбаев айткандай, улуттук курама Азия континентиндеги дүйнөлүк чемпионатка тандоо этабына жана Казакстан менен боло турган матчка даярдык көрөт. "Улуттук кураманын алдына азия квалификациясынын финалына чыгуу максаты турат. Ошол мезгилге чейин жаштар улуттук командага атаандаш болуп калууга жетишиш керек", - деп кошумчалады.

Ал эми 23 жашка чейинки оюнчулар кирген олимпиада курамасы Түштүк Кореяда өтүүчү Азия оюндарына даярдык көрөт. Аталган мелдеш ушул жылдын 19-сентябрынан 4-октябрга чейин өтөт.

Эске салсак, учурда олимпиадалык курама Казакстандын Шымкент шаарында. Курама контролдук матчын Казакстандын курамасына уттурган.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...