Акыркы макалалар

Өрүк ден-соолука өтө пайдалуу

Учурда мезгил күзгө тартып жемиштердин баары төгүлүп бышып турган кез. Айрыкча көк кызыл өрүктөр. Шабдаалылар. Баасы да арзан. Кыям, компот, как жасап кышкыга даярдап алууга да ынгайлуу учур. Ошол биз байкабаган, биз маани бербеген өрүктүн абдан көп дарылык касиети бар экен.

Өрүк адамдын жумушка болгон жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Курамындагы витаминдер менен микро элементтер аз кандуулукту жана калцийге болгон жетишсиздикти жок кылат. Тамак сиңирүүнү жөндөйт. Ашказанды жана боордун жана өттүн иштеши жакшырат. Организмдеги шлактарды чыгарат. Өрүктө калий витамини бар. Калий жүрөк кан тамырлары үчүн табылгыс азык. Ошон үчүн өрүктү как түрүндө жесе да болот. Компот, варенье жасаса болот. Кырк жаштан ашкан аялзатын организминде эстороген азаят. Эстороген азайганда көнүлү эч нерсеге чаппай маанайы чөгөт. Адам күнүгө беш алтыдан өрүк жеп турса ошол жок болгон эсторогендин ордун басат.

Чындыгында, өрүктүн адамдын ден соолугуна пайдасы зор. Бул жемиш сулуулукту сактап, терини жашартып, чачтын түбүн бекемдейт. Кан айлануусу начар, жүрөгү бир калыпта сокпогон, инфаркттан жапа чеккендерге өрүк жеп туруу сунушталат. Өрүктүн дагы бир касиети, ал жүрөк булчуңдарын бекемдеп, чарчоону тез жазат. Астма пристубун жумшартып, канды жана боорду тазалоочу касиетке ээ. Түрк медиктери көп жылдар бою изилдеп, жаңы жана кургатылган өрүк эркектер үчүн эң пайдалуу азык экенин айтып чыгышкан. Анткени бул жемиш потенцияны жогорулатуучу касиетке да ээ. Ошондой эле өрүктүн курамындагы калий менен каротин заты ашказан жарасынан жана бөйрөктөгү таштардан арылууга жакшы жардам берет. Ал эми өрүктүн данегинен жасалган дары жөтөлгө, бронхитке даба. Мындан сырткары данегинен май алынып, ал медицинада дары-дармектерди жасоодо кеңири колдонулуп келет.

Чоңдор үчүн күнүнө 200-300 грамм өрүк жеген жетиштүү болот.

Өрүктө жана анын кагында кант көп болгондуктан, кант диабети менен ооругандарга өрүктү көп пайдаланууга тыюу салынат.

Өрүктөн кыям

1кг.өрүккө 500 гр. кумшекер керектелет. Өрүк данегинен ажыратылып, 2-3 саат шекер сиңгенге чейин "эс ала" турат. Анын кайнатууга даяр экендигин согу чыкканынан билүүгө болот. Даяр болгон өрүк 15 мүнөт кайнатылат. Андан соң от өчүрүлөт, кайнатылып жаткан идиштин табында өрүк даамына чыгып бышат. 2 саат аны "эс алдырып", андан соң дагы 30 мүнөт кайнатуу керек. Мына ошентип банкага куюуга даяр болот.

Өрүктөн компот

1 литрлик бош банкага жарымынан көп өрүк салынат. Анын үстүнө кайнатылган сууну куюп, 15 мүнөт күтүү керек (бул ар кандай микробдорду өлтүрөт). Андан соң суусун төгүп, 1-2 кашык шекер салынат. Үстүнө дагы кайнатылган сууну куюп, банканын оозун жаба берсеңиз болот. Даяр болгон соң банканы сөзсүз түрдө көмкөрүү керек. Үстүнөн жылуу материал менен жабуу абзел. Бул анын ичиндеги өрүк менен шекердин жакшы аралашуусуна, адаптация болуусуна жардам берет. Өрүктөн компот жасоо орто дыйкандар үчүн абдан ыңгайлуу.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...