Акыркы макалалар

Өлкө боюнча 2476 мугалим жетишпейт

Кыргызстандын мектептерине 2476 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы Кеңешбек Сайназаров билдирди.

Анын айтымында, көбүнчө биология, физика, химия сабактарынан адистер жетишпейт. Себеби аталган предметтердин сааты аз болгондуктан, айлык да аз чыгат.

Кыргызстанда 2 204 мектеп бар. Аларда окуган балдардын саны 1 миллион 15 миң.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...