Акыркы макалалар

К.Мамытов:"1-сентябрда бир да мектеп окууну чатырда баштабайт"

2014-2015-окуу жылын облустагы бир да мектеп чатырларда баштабайт. Мындай маалыматты Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун башчысы Касымбек Мамытов билдирди.

Анын айтымында, Ак-Талаа районунун Кадыраалы айылындагы С.Атамбеков атындагы мектептин курулушу өткөн жылы башталганы менен иш жайлап турат.“Курулушуна 54 млн сом сарптала турган бул мектеп ушул жылдын ноябрь айында бүтүп ишке берилмекчи. Ал эми Нарын районунун Алыш айылындагы орто мектептин курулушун да ноябрда бүткөрүү пландалууда. Бул мектептердин курулушу бүткүчө окуу эски корпустарда башталат. Ал эми Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы Ак-Жар орто мектеби авриялык абалда болуп жабылган. Бул айылда окуучуларды кабыл алууга 6 үй жана 1 клуб даярдалууда. Мектептин курулушу планга киргизилгени менен башталбай турат. Бул быйыл бүтпөйт. Мектептин сметалык наркы 59 млн сом деп белгиленген”,-дейт К.Мамытов.

Мындан сырткары түрк грантынын эсебинен Жумгал районунун Чоң-Дөбө, Сары-Камыш айылындагы Кызыл-Октябрь, Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылындагы Раимбеков жана Талды-Суу айылындагы Мырзакматов мектептери курулмакчы.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...