Акыркы макалалар

Түркияда эки вандык кыргыз күрт жикчилери тарабынан уурдалды

Түркияда эки вандык кыргыз күрт жикчилери тарабынан уурдалды

Рахманкул Хандын урпактары же тактап айтканда, Ван облусунун Эржиш районуна караштуу Улуупамир айылынын тургундары Изат Өндөр жана Орхан Акжол белгисиз кишилер тарабынан уурдалды. Бул тууралу Түркияда жашаган кыргыз жигит Инаш Азим жазып чыкты.

Түркиядагы кээ бир басма сөз булактарынын билдирүүсү боюнча, аты аталган кыргыздарды Түркиянын түштүк-чыгышындагы ПКК-күрттөрдүн жикчил терродук уюмунун мүчөлөрү барымтага алган. Коопсуздук күчтөрү вандык кыргыздарды куткарып алуу иш-аракеттерин баштады. Уурдалган кыргыздардын тууганы улуупамирдик кыргыз Сали Санжактардын айтуусу боюнча,аларды белгисиз адамдар Изат Өндер жана Орхан Акжолду кечээ кармап кетишкен.

Эскерте кетсек, Түркиянын түштүк чыгышында калктын көпчүлүк бөлүгүн күрттөр түзөт жана алар көз карандысыз Күрдистан мамлеккетин түзүү үчүн ар түрдүү саясий карама-каршылык аракеттерди жасап келишет.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...