Акыркы макалалар

Саддам Хусейндин сөөгүн кайрадан жашыруун көмүштү

Саддам Хусейндин сөөгүн кайрадан жашыруун көмүштү

Ирактын кулатылган лидери Саддам Хусейндин сөөгүн кайрадан жашыруун көмүштү. Бул тууралуу Елбу Насыр суннит жааматынын лидери билдиргенин The Guardian гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өлүм жазасына тартылган Саддам Хусейндин сөөгүн кайрадан казып алышып, өзүнүн туулуп өскөн Аль-Ауджа айылына, эч ким билбеген жерге көмүшкөн. Атын атагысы келбеген суннит уурусунун лидери буларды кабарлаган: "Биз сегиз ай мурун эле сөөктү кайрадан казып алып, коопсуз жайга көмгөнбүз. Биздин бир нерседен корконубуз да туура чыкты. Жакында эле полиция кызматкерлери билдиргендей шейит согушкерлери Саддам Хусейиндин мүрзөсүнө келип, сүрөттөрүн тытып, өрттөп кетишкен". Анын айтымында, Хусейиндин сөөгү душмандар жете албай турган купуя жерге кайрадан көмүлдү. Ал: "Саддам Хусейинди бир жолу өлтүргөндөрү жетпейби? Эми анын жер астындагы сөөгүнөн да коркушууда", - деп кошумчалаган.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...