Акыркы макалалар

Чын дүйнө салган Майкл Жексонду дагы эле соттошууда

Чын дүйнө салган Майкл Жексонду дагы эле соттошууда

Дүйнөнүн поп-жылдызы Майкл Жексонду тиги дүйнөдө да тынч жаткырбай жатышат. Өлгөндүгүнө беш жыл болгондугуна карабай аны кайрадан педофилия боюнча айыпташууда. Бул тууралуу ДеПо булагы The Independent басылмасына таянып кабарлоодо.

Маалыматка ылайык, 36-жашындагы Жеймс Сэйфчак маркум Майкл Жексонду өспүрүмдөрдү жыныстык катнашка чакырган сыяктуу айып тагууда. Ага мисал катарында өзүн көрсөтүүдө. Жеймс Сэйфчак доо арызында балалыгында поп-жылдыз тарабынан курмандыкка чалынгандыгын айтууда. Жеймс жана Майкл 1980-жылы алкоголсуз ичимдиктердин жарнамалык тасмасына чогуу тартылышкан. Ырчы менен Жеймс өтө жакын болушуп, баланын ата-энелери бирге гастролго баруусуна уруксат беришкен. Айыптоочунун пикиринде, Жексон менен болгон 4 жыл ичинде бир топ мазактаганы айтылат. Бул иш боюнча соттук жараяны 4-сентябрда болмокчу.

Эсиңиздерге сала кетсек, мурда Майкл Жексонду педофилия боюнча 6 жолу күнөөлөшкөн. Бирок соттук угууларда ырчынын жактоочулары тарабынан айыптоочулар менен тил табышып, баардыгы жабылган болчу.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...