Акыркы макалалар

Нарындын казысы Ак-Суу районундагы балдар үйүнө кайрымдуулук жасады

Нарындын казысы Ак-Суу районундагы балдар үйүнө кайрымдуулук жасады

Нарын облусунун Казысы Мамбетасан Ибраев 1-2-августта Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болуп, Каракол шаарынын борбордук мечитинде жума намазда жума баянын өтүп, андан соӊоблустун Ак-Суу айылындагы балдар үйүнүн тарбиялануучу балдар-кыздары эс алып жатышкан Каракол пристанындагы балдар эс алуу лагерине азык-түлүктөрдү, мөмө-жемиш жана таттуулардан кошо алып барып зыярат кылды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Зыяраттын максаты – аталган интернатта тарбияланып жаткан мектеп окуучуларынын ал-абалы менен жакындан таанышып, муктаждыктары болсо колдон келишинче жардам берүү. Мамбетасан Ибраев көп жылдан бери аталган балдар үйүнө материалдык жактан да, моралдык жактан да жардамын берип келет. “2-августта балдардын ысык тамагы үчүн атайын кой сойдуруп, азык-түлүк, мөмө-жемиш жана балдар жакшы көрүшкөн таттуулар алынып барып, бир маал болсо да балдардын курсагын тойгузуп келүүнү максат кылдык”,-дейт Нарын облусунун казысы М.Ибраев.

Ак-Суу айылындагы балдар үйүндө учурда 2 жаштан баштап 18 жашка чейин 103 улан-кыз тарбияланууда. Эс алуу лагеринде болсо 50 бала эс алышууда. Калгандарын ата-энелери жайкы каникулда үйлөрүнө алып кетишкен. Алардын арасында ар түрдү тагдырга туш болгон тоголок жетимдер, жарым жетимдер, ата-энеси ар кыл себептен тарбия берүүгө жөндөмсүз жана башка абалдагы балдар бар.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...