Акыркы макалалар

Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгы белгиленет

Кийинки жылы таланттуу акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгы белгиленет. Бул мааракени уюштуруу боюнча өкмөттө атайын комиссия түзүлдү. Аны вице-премьер-министр Эльвира Сариева жетектейт. Аталган комиссия өлкө боюнча акындын мааракесин өткөрүүнүн атайын иш планын иштеп чыгып, анын алкагында эскерүү иш-чараларын өткөрмөкчү.

Алыкул Осмонов 1915-жылы Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган. Ал 1950-жылы 35 жашында дүйнөдөн кайткан. Анын ырлары кыргыз адабиятында классикага айланып, окурман, адабиятчылар арасында жогору бааланат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...