Акыркы макалалар

Аскар Акаевдин коопсуздугу боюнча эч жерден жооп болбогондуктан келе алган жок, - агасы Асанкул Акаев

Мурдараак, маалымдалгандай мурунку президент Аскар Акаев бир тууган агасы Болот Акаевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу аны акыркы сапарга узатуу үчүн Кыргызстанга келиши күтүлгөн.

Бирок, А.Акаев эмес анын кичүү улуу Илим Акаев Бишкек шаарына келди.

Мурунку президенттин бир тууганы Асанкул Акаевдин айтымында, А.Акаев бир тууганына топурак салуу үчүн Кыргызстанга келмек. Бирок, коопсуздугу боюнча бийликтен жана башка жактардан жооп болбогондуктан мекенине келген жок, деп маалымдайт «Би-би-си».

«Коопсуздугу боюнча эч жерден жооп берилген жок. Ошондуктан келбей калды. Мындайды эч кимдин башына салбасын», - деди Асанкул Акаев.

Эли турат, мекени турат бир учурда келет, деп кошумчалады ал.

Ал эми, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Аскар Акаев Кыргызстанга келе берсе болмок.

«Аскар Акаев Кыргызстанга келүү үчүн бийликтен же башка тараптан уруксат алуунун кереги жок болчу», - деген эл өкүлү, эгерде Башкы прокуратура көрсөтмө ала турган болсо көрсөтмө алып эле кайра бошотмок, деп кошумчалады.

Мурдараак маалымдалгандай, КР башпрокурору Аида Салянова, Аскар Акаев Кыргызстанга келген учурда анын жакындарынын катыштыгы бар прокуратура жана укук коргоо органдары тарабынан иликтенип жаткан бир катар кылмыш иштери боюнча сөзсүз түрдө көрсөтмө алынат, деп билдирген.

Аскар Акаев 2005-жылдын 24-мартындагы окуядан кийин үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткенден бери Кыргыстанга келе элек.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...