Акыркы макалалар

Орозо-битирди таратуудан чыр чыкты

Быйылкы жылдагы орозо – битирдин таркатылышынан чыр чыкты. Бишкектеги Борбордук мечитке келген айрым шаар тургундары муфтияттын кызматкерлери аларды эки күндөн бери ары чуркатып, бери чуркатып, орозо-битирди бербей убара кылып жаткандарына нааразычылыктарын "Биринчи радиого" билдиришти.

Быйылкы жылдын Орозо Айтынан түшкөн каражатты алганы келген көп бүлөлүү, жалгыз бой энелер, майыптар жана башка элдин аярлуу катмарлары эки күндөн бери Борбордук мечитке таң эрте келип, кечке чейин кезерип күтүп кетип жатышкандарын билдиришти. Буга муфтияттын кызматкерлери күнөөлүү экенин билдиришкен нааразы тарап, муфтий өзү орозо-битирди таркаткыла деген жообун бергенин кошумчалашты.

Битир-садака жардамга муктаж болгондордун жашоо-шартына карап, 1000 сомдон, 700 сомдон жана 500 сомдон берилет. Аны таркатуу бир жумадан бир айга чейин уланат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...