Акыркы макалалар

Интер-жигиттерден сак болгула кыздар!

Азыр илим менен техниканын өнүккөн заманында бакчага барган баладан тарта бели бекчейген карылар да интернет эмне экенин түшүнүп калышты.

Ал эми жаштар эртеден-кечке интернетте отургандан тажашпайт. Адамдан айла качып кутулбайт эмеспи, интернетте отуруп, ишенчээк адамдардын ишенимине кирип виртуалдык жол менен тузакка түшүрүп, капчыгын кагып алгандар да бар экен, тобо. Сөзүм куру болбосун үчүн Америкада жашаган жигитке турмушка чыгам деп кыялданган кыргыз кызы Айзада кантип алдамчылардын курмандыгы болгонун айтып энеси безеленип редакция менен байланышты. Балким, интернеттеги интер-жигиттер менен сүйүшүп жүргөндөргө сабак болоор.

Америкалык жигитке ашык болгон Айзада

Айзада менен америкалык Жейсон экөө фейсбук баракчасынан таанышкан. Жейсон Американын бир штатында энеси экөө жашаарын, өзү аскер кызматчысы болгонун, мурда үйлөнүп ажырашканын айткан. Университетте экинчи курста окуган шаардык кыз Айзада америкалык жигит менен сүйлөшүү кыйынга турган жок. Өзү да англис тили факультетинде окугандыктан орусча, англисче сүйлөшүп жүрүштү. Жашы жыйырмага эми чыккан Айзадага америкалык Жейсон ашык болуп калганын, азият айымга үйлөнүү анын кыялында экенин айтып, анын сулуулугун баса белгилеп, фейсбугдагы сүрөттөрүнө ар кандай ашыктык каттарды, ырларды арнайт. Өзү аскер кызматчысы болгондуктан Ооганстанда келишимдик негизде кызмат өтөп жатканын май айында анын келишими аяктап, АКШга жол тартаарын, кетип баратып Кыргызстанга келип Айзаданын колун сурап аялдыкка алып кетээрин айтат. Ооганстанда келишимдик негизде иштеген аскер кызматкерлерге акчаны абдан жакшы төлөөрүн да айтат. Акчасын чогултуп, АКШнын эң мыкты штаттарынын биринен эки-үч кабаттуу үй сатып алышып, үй кызматчысын жалдап, кымбат баалуу машинеде сайрандап жүрөрүн кыялданышат. Экөөнүн интернеттеги виртуалдык сүйүүсү эки айдан ашуун убакытка созулат. Май айына жакындап калганда бир күнү Жейсон Айзадага кабатырланган кат жазат. "Менин көңүлүм чөгүп турат. Келишим аяктаарына аз калганда менин командам менен ушул жуманын аягында Сирияга жөнөтүп жатышат. Ал жерде согуш болуп жаткандыктан абдан кооптуу, мен сени көрбөй каламбы деп чочулап жатам. Апам улгайган адам, ал кабатырланбасын деп айткан жокмун. Сенден бөлөк менин жакын адамым жок, мен үчүн Кудайдан амандыгымды тилеп тур, өтүнүч, мен сени интернеттен тапканыма кубанычтамын, жана түбөлүккө сүйөм" дейт. Ансыз да Жейсонду сүйүп күндүр-түндүр интернет тиктеген Айзаданын санаасы санга бөлүнүп, Кудайдан Жейсондун Сириядан аман эсен келишин тилек кылат.

Сүйүүнүн күчү керемет

Сүйгөнүмдү Сириядагы согуштан аман сактап кал деп Кудайдан тилеген Айзадага Жейсон бир күнү кат жазат. Эртең бизди Сирияга жөнөтүп жатат, ал жактан аман болсом бир айдан кийин түз эле Кыргызстанга келем да сени алып кетем. Кайра Ооганстанга кайтып келбейбиз. Менин бир өтүнүчүм бул жердеги менин чогултан буюмдарымды кайда жибереримди билбей башым катып жатат. Америкадагы апама жиберсем ал бир нерседен шектенип санаага батат. Мен буюмдарымды сага кутучага салып жиберейин сен мен келгенче сактап турганга сөз бересиңби, сенден бөлөк жакыным жок дейт. Анын айткан алтын сөздөрүнө ишенип, сүйүүгө мас болуп турган Айзада ага жок демек беле, дароо макул болуп жашаган үйүнүн дарегин, өзүнүн электрондук почтасын, атүгүл телефон номурунан бери жазат. Базарда соода кылган апасына америкалык жигитке турмушка чыга турганын айтып кубанат. Бирок, базарда соодадан бөлөк интернет менен иши жок апасы кызынын ким менен сүйлөшүп жүргөнүн кайдан билсин, экөө жолугушпагандан кийин Айзадага зыяны тийбес деп ойлоп койгон.

Сүйүү акча менен далилденет

Жейсон арадан эки күндөн кийин кайрадан кат жазып, Сирияга келгенин ал жакта кандуу согуш болуп, өмүрү өлүм менен жашоонун ортосунда коркунучта экенин, аны менен чогу командасындагы эки баланы душмандар атып өлтүргөнүн айтат да кутучамды сага жеткире турган компания адегенде интернет аркылуу сени менен байланышат дейт. Анын сөзүнө ишенип, Ооганстандан келе турган кутуну күтүп жүргөн Айзаданын электрондук дарегине экспресс-почтадан кат келип, дарегин дагы тактап сурайт. Дарегин тактагандан кийин эле Айзадага дагы ошол экспресс-почтадан кат келип, бул кутучаны жеткирүү үчүн 2350 АКШ доллары жетпей жатат. Жейсон өзү 1500 доллар төлөгөнүн, бирок, ага дагы кошумча каражат төлөнбөй калганын кабарлайт. Кутунун салмагы 160 килограмм экенин, эгер акчаны алар көрсөткөн эсеп-кысапка которсо 48 сааттын ичинде куту айтылган дарекке барарын жазган экен. Мындайды күтпөгөн Айзада сүйгөнүнө кат жазса Жейсон мен билген эмесмин, эгер сен ошончо сумманы төлөп койсоң мен карточкамдагы кодду айтам, ошол жерден акчаны бир жолу алсаң болот, антпесе менин Ооганстандагы ушунча жыл иштеп тапкан буюмдарым орто жолдон жоголуп кетпесин ал жерде атайын Айзадага арнаган бриллиант нике шакеги да бар экенин айтат. Анын ар бир сөзүнө ишенген Айзада эмне кылаарын билбей тааныштарынан акча издейт. Жейсон болсо Айзадага сен менин кутучам үчүн акча төлөп жатканыңды эч кимге айтпа башкалар туура эмес түшүнүп калышат дейт. Анын сөзүнө ишенген Айзада эч кимге айтпайт. Жашы жыйырмага эми чыккан кызга ким эле ушунча акчаны кармата койсун. Анын почтасына экспресс почтадан да кат келип, тезирээк кутучаны албасаңар салыгы өсүп кетерин жазат. Бир жагынан сүйгөнү Жейсон да эмне кылсаң да акчаны которуп, кутуну алып кал, ошол кутунун коду 4521 ушуну бассаң эле ачылат да ичиндеги акчаны алып, карызга алган адамыңа ашыгы менен берип кой дейт. Кєк кєз сүйгөнүнүн сөзүнө ишенген Айзада эч жерден акча таппай акыры апасынын анын окуусунун контрагына жана бир бөлмөлүү квартирасын кеңейтели деп чогултуп катып жаткан акчасына ууруга түшөт. Жейсондун кутучасы келгенде ичинен акчаны алып, кайра толуктап коем деп ойлойт.

Алданган сүйүүнүн азабы ай

Айзада апасынын каткан акчасын алып аталган экспресс-почтанын жиберген счетуна акча которот да эки суткада кутуча келип калат деп күтөт. Бирок, Айзада күткөндөй болгон жок, ал жерде бир жумадан ашыгыраак турган кутунун салыгы дагы 1200 долларга өсүп кеткенин, эми ошол сумманы салгандан кийин гана кутучаны жиберерин жазышат. Бул туурасында Жейсонго жазса, сүйгөнүм сенден бөлөк менин эч бир ишене турган адамым жок, ошол сумманын салыгы дагы өсүп кете электе төлөп сал да менин кутучамдагы акчаны эртерээк ал дейт. Анын кооз сөздөрүнө арбалган Айзада макул болуп апасынын чогулткан акчасынан 1200 доллар кайра баягы счетко которот. Бирок, эки күндөн кийин алардан дагы кат келет, туура эмес которулуп калыптыр, бул сумманы дагы бир жолу төлө деп, эмне кылаарын билбеген Айзада апасынын капчыгындагы акыркы 500 долларын көрүп менде башка акча жок деп жазат. Ошол 500 долларды деле сала бер, кутуча колуңа тийгенден кийин калган акчасын эсептешесиң дейт. Ага макул болуп акыркы 500 долларды алар айткан счетко которуп, күтүп отуруп калат. Сүйгөнү болсо ал ортодо согуш майданында ок тийип, ооруканада кыйналып жатам дейт. Айзадага мен согуш зонасында болгондуктан сага өзүмдүн счетумдагы банктагы акчадан сала албай жатам деп жалооруйт.

Арадан 48 саат эмес, бир жума убакыт өтсө да баягы куту эмес анын карааны да көрүнбөгөндө Айзада экспресс почтага кат жазат. Бирок, алар түшүнүксүз цифралар менен бир нерселерди жазып жиберишет. Эч нерсеге түшүнбөгөн Айзада кайра-кайра кат жазып атып алардан оңчулуктуу жооп ала албайт. Ал эми Жейсон болсо мен ооруп ооруканада жатам деген боюнча жазган каты солгундап, акыры интернет баракчаларынан анын дайыны жоголот. Мындайды күтпөгөн Айзаданын ою жаманга кетип, балким Жейсон өлүп калдыбы деп кайгырган күндөр да болот. Бирок, ал өлүп калса да жок дегенде акчасы толук төлөнгөн кутучасы келет эле го. Жейсон өлүп калса да анын фейсбугдагы баракчасы жоголуп, же өчүп калбайт эле го. Акыры үйдөгү акчасы жоголгонун апасы да билет, кызынын кылыгына кыжыры кайнайт. Үйдө күндө уруш, ошондо да америкалык жигиттин арзуусуна ишенип алган Айзада андан күдөрүн үзбөй эки айга чейин күтөт да акыры үмүтү үзүлүп, интернет алдамчыларынын курмандыгы болгонун билип, ээрдин кырча тиштеп калды.

Айзаданын апасы кызын алдап кеткендерди каргап-шилеп, кимди сотко берерибизди да билбей калдык, Жейсондун дарегин, ким экенин да билбейт экенбиз дейт. Ошол учурда Айзада бул жактан бир да жигитти теңине албай, эч ким менен сүйлөшпөй калган деп энеси ушунча жыл базарда күндүн ысыгына какталып, суугуна тоңуп тапкан акчасын бир заматта шылуунга алдырып жибергенине чырылдап отурду.

Ааламда алдангандар абдан көп

Чындыгында дүйнө жүзүндө мындай шылуундар жүздөп миңдеп саналат экен. Аларга алдангандардын укугун коргогон атайын юридикалык сайттар да бар. Ал эми Кыргызстанда виртуалдык курмандыктардын укугун коргогондор жок. Андыктан ишенчээк жаш кыздарга интернеттеги сулуу сөздөргө, сүйүүгө ишенбегиле демекчибиз. 2012-жылы эле интернеттеги онлайн-шылуундардын курмандыгы болгон 140 миң адам арызданышкан. Тилекке каршы мындай жеңил акчага көнүп алгандар тамырын бүт дүйнөгө жайып келет. Алардын арасында кыргыздын кымча бел ишенчээк жаш кыздары да бар экен.

Бирок, дүйнөлүк статистиканы карасак айымдарга караганда мырзалар интернет шылуундардын курмандыгына көп айланышат экен. Көбүнчө интернеттеги таанышуу бурчтанырындагы сулуу кыздар менен таанышып, алардын келбетине арбалып, канча акча которуп жибергенин да сезбей калышат экен. Көпчүлүк мырзалар айым сураган кымбат баалуу белек бечкектерди сатып почтага салып жиберишээрин айтышат. Балким, Кыргызстанда деле кымча бел көк көз кыздарга алданган кыргыздын мырзалары деле жок эместир. Кандай болсо да мындай шылуундардан алыс болгонуңуз оң демекчибиз.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...