Билим берүү жана илим министрлиги мектеп формасынын жаңы үлгүсүн бекиткени баарыбызга маалым. Жаны окуу жылынын башталышына саналуу күндөр калды. Бирок быйыл бирдиктүү окуу формасын кийүү сөзсүз эмес. Жаңы форма сатыкка чыккандан кийин аны каалоочулар гана алып кийсе болот. Мекемеден маалымдагандай, жаңы окуу кийими 2015-жылкы окуу жылынан тартып сөзсүз кийгизиле баштайт. Быйыл жаңы формага массалык түрдө өтүүгө үлгүрбөй калды. Ата-энелер сураган жаңы форма Кыргызстандын бир да базарына чыга элек. Аны тигүүгө 23 ишкана кызыктар болгон. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Бишкектеги цехтердин бири да форманы тигип баштай элек.
Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg
Азырынча бир да пикир жок...