Акыркы макалалар

Корея мамлекети кыргыз тилиндеги 25 миң жомок китепти даярдап берди

1-августта Кыргызстандын билим берүү министри Канат Садыков Кореянын Улуттук жыйынынын депутаты Чой Же-Сен башында турган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чой Же-Сен белгилегендей, учурда кыргыз жана корей жомокторунан турган 25 миң китеп кыргыз тилинде жарык көрүп, таркатууга даяр турат. Ал ошондой эле Корея бул багытта аракеттерин уланта берерин кошумчалады.

"Китепканалар бир гана окуу китептери менен эмес, кызыктуу адабият менен да толушу керек. Менимче биздин балдар корей элинин жомоктору менен да таанышат",- деп Канат Садыков белгиледи.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...