Акыркы макалалар

Катар Кыргызстандын койлоруна кызыгууда

Катардын "Хассад Фуд" компаниясы Кыргызстандын 1 жаштан 1,5 жашка чейинки жүнү кыркылган, орто эттүү койлорду сатып алууга кызыгып жатышат. Бул тууралуу КР айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевдин май айынын башында Катарга болгон иш сапары учурунда белгилүү болгон.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында "Хассад Фуд" компаниясынын айыл чарба инвестициялык кеңсесинин башчысы Мид К. Аль Шобасси, ошондой эле компаниянын өндүрүш боюнча секциясынын жетекчиси Дафаллах Абдельгхан Ельхассан менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын айыл чарбасы, мал чарбачылыгы жана мал чарбачылыгындагы азык-түлүктөр тууралуу маалымат берилген.

Ошондой эле, Кыргызстандан Катарга жылына 1 млн кой жеткирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтылган.

Ал эми кыргыз тарап учурдагы мыйзам жана Катардан Кыргызстанга жеке бизнес менен инвестиция тартуу максатындагы салыктык жеңилдиктер жөнүндө маалымат берген. Маалыматта айтылгандай, учурда койлорду сатып алуу маселеси иштелип жатат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...