Акыркы макалалар

Орто Токой суу сактагычында суунун көлөмү 3 эсеге азайды

Орто Токой суу сактагычындагы суунун көлөмү 3 эсеге азайып кетти. Анын себеби быйылкы жылдын кургакчыл болуп, тоолордогу мөңгүлөрдүн аз болгонунан улам болууда. Учурда суу сактагычка 17 млн куб суу кирип жатат. Былтыркы жылы 100 млн куб суу кирген. Бул тууралуу суу чарба жана мелиорация департаментинин жетекчисинин орун басары Тилек Исабеков билдирди.

"Чүй облусундагы талаааларды сугарыш үчүн көп суу керектелип жатат. Ошондуктан Орто Токой суу сактагычынан көп өлчөмдөгү суулар алынып жатат. Чүй өрөөнундөгү суулар талааларды сугарыш үчүн жетишсиз. Сугат иштери бүткөндөн соң Орто токой суу сактагычы кайра калыбына келет", - деп кошумчалады Исабеков.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...