Акыркы макалалар

Issyknews. Ысык-Көлдө 10 айдын ичинде электр энергиясына болгон жоготуу 21% болду

“Чыгыш электр” ААК да үстүбүздөгү жылдын 10 айында “Чыгыш электр” ишкананын электр түйүнүнө 1 млр 199 млн 714 миң квт/ саат электр энергиясын түзгөн. Ал былтыркыга салыштырмалуу 108 млн квт/ саатка көп. Ошол эле учурда электр энергиясына болгон жоготуу 21% түзгөн."

Мындан улам 2012-жылдын 15-ноябрында «Чыгыш электр» ААКсы 10 айдын жыйынтыгы боюнча өз отурумунда, электр жарыгынан карыздарга административдик чара көрүү чечимин кабыл алды. Себеби бюджеттик уюмдар тарабынан электр жарыгын пайдаланууда 89 % гана төлөм өлкөнүн казынасына түшкөн. Мисалы:«Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, 77,1 млн сом төлөө керек болсо 30,6 млн сомун гана төлөдү.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...