Акыркы макалалар

"Пресс.kg": Келдибекова Элеонора, ырчы; «Атам тамак бербей комуз үйрөтчү»


"Пресс.kg": Келдибекова Элеонора, ырчы; «Атам тамак бербей комуз үйрөтчү»

Уркуя Салиеванын 100 жылдыгына арналган конкурста фольклор жанры боюнча гран-принин ээси, Талас таңшыйт эл аралык конкурсунун лауреаты, «Аксаамай» фольклор ансамбилинин солисткасы Келдибекова Элеонора менен маек.

Саламатсызбы? Чыгармачылык менен алектенип келе жатканыңызга канча болуп калды?

Мен жаш кезимен баштап эле чыгармачылыка аралашып баштаганмын. 3-кластан баштап музыкалык мектепке бара баштадым. Сокулук музыкалык мектебинин фортапиано бөлүмүн бүтүргөнмүн. Андан кийин Улуттук концерваторияга тапшырып, быйыл 5-курстта окуп жатам.

Бала кезиңизден эле аралашып, кыялданган экенсиз да ээ?

Ооба. 1-2-класстан баштап эле ар кандай конкурстарга катышып, ийгиликтерге жетишип жүргөнмүн. Ошондо эле «Мээрим» фондусу уюштурган конкурстарга катышчумун. «Жаш таланттар» деген эл аралык конкурсттан экинчи орунду алганмын.

Комузда кол ойнотконуңузга канча болуп калды жана кимден үйрөндүңүз эле?

Комузду 5 жашыман баштап ойноп баштаганмын. Биринчи класска барганымда балатыда комуз ойноп чыкканым эсимде. Атам тамак бербей, «комузду үйрөнсөң ичесиң» деп атып үйрөтчү. Ошондо мен ыйлап, ызычуу кылып атып үйрөгөнмүн. Чоң атам чоң комузчу болгон экен. Уйдө баарыбыз комуз чертебиз. Бирок, ич ара эле, эч кимиси мага окшоп улантып кеткен жок. Атаңыздан башка да комузчулардан сабак алдыңыз беле?

Менин эң биринчи устатым атам болду. Андан кийин Ашыралы Айталиевден сабак алсам, Роза Амановадан 3 жыл сабак алганмын. Бүгүнкү күндөгү менин устатым Улукмырза Полотов агай.

Көбүнчөсү элдик ырларды ырдайсыз, өзүңүздүн калемиңизден жаралган да ырларыңыз барбы?

Репертуарымда бүт эле элдик ырлар. Аларды азыркы замандын талабына ылайыктап, иштеп чыгып ырдап жүрөм. Анча-мынча ырларга обон жаза калам. Жеңижоктун «Замана», Айбек Каримовдун «Уккула кыргыз ырларын» деген ырына обон жазгам.

Уркуя Салиеванын 100 жылдыгында фольклор боюнча Грант прини утуп алдыңыз эле, конкурска кантип катышып калдыңыз?

Анда мен Ошто тойдо жүргөн элем. Таанышымдан конкурс болуп атканын угуп калдым. Сураштырсам Ошто да биринчи туру болуп атыптыр, ал жака барып катышып, өтүп кеттим. Экинчи туру Ноокатта болду. Фольклор боюнча 30 кишинин ичинен буйрук экен Грант-прини утуп алдым.

Келечекте кандай пландарыңыз бар?

Алдыдагы пландарым көп. Чыгармачылыгымды улантып, өнүктүрүү. Мурда чыгып жүрүп, арадан 5 жыл тыным алып калдым. Эми мындан ары чыгармачылыктын үстүнөн иштеп баштайм. Буга чейин көптөгөн Кытай, Таиван, Казакстан, Турцияга сыяктуу өлкөлөргө барып, конкурстарга катышып келгем.

Парахат Шукурова

fakt.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...