Акыркы макалалар

28-29-июль күндөрү дем алыш деп жарыяланды

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Орозо айт жана жумуш күндөрүн которуу жөнүндө токтомго кол койду.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, дем алыш жана майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтү токтом кылат:

1. 2014-жылдын 29-июлу Кыргыз Республикасынын аймагында Орозо айтты майрамдоо күнү деп жарыялансын.

2. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2014-жылдын 28-июлундагы жумуш күнү 2014-жылдын 2-августундагы дем алыш күнүнө которулсун.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...