Акыркы макалалар

Түштүк Кореянын KOICA уюму Баткен областы менен айыл чарба тармагында кызматташмакчы

Түштүк Кореянын KOICA уюму Баткен областы менен айыл чарба тармагында кызматташмакчы

Өкмөттүн Баткен областындагы өкүлү Жеңиш Разаков Түштүк Кореянын “КОЙКА” уюмунун консультанты Канг Жунг Хуун менен жолугуп, айыл чарба тармагында кызматташуу боюнча сүйлөшүү болду.Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Канг Жунг Хуун бул уюм тууралуу айтып, KOICA- Кореянын эл аралык кызматташуу агенттиги катары түзүлгөнүн белгилеп кетти. Анын айтымында бул уюм жогорку эффективдүү деңгээлде Кореянын гранттык программалары жана техникалык кызматташуу программалары аркылуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн. KOICA ар кандай долбоорлор менен иштейт. Алар инфраструктуралык обьекттерди куруу, өнүгүүнү изилдөө ж.блар.

Өкүл Ж.Разаков айыл чарба тармагында кызматташуу аркылуу, Кореянын экономикалык өнүгүүсүнүн тажрыйбасында биз дагы экономикабызды бир топ алдыга жылдыра алабыз деп белгилеп кетти.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...