Акыркы макалалар

Тоӊ районундагы Туз-Көл эс алуу жайында туристтер жылдагыдан көп

Тоӊ районундагы Туз-Көл эс алуу жайында туристтер жылдагыдан көп. Бул тууралуу Күн Чыгыш айыл аймагынан билдиришкен, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Тоӊ районундагы Туз-Көлгө келип эс алгандар жылдан жылга көбөйүүдө. Ысык-Көлдүн жанынан алыс эмес жерде качандыр бир пайда болгон туздуу көл чет өлкөлөрдөн бери келишкен туристерди дарылык касиети менен кызыктырат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, туздуу көлдөгү кара баткак тери ооруларын айыктырса, сары баткак кан тамырдын кеӊейип, кетүү оорусун айыктырат.

Туз-Көлдүн жээгине боз үйлөр тургузулган. Жергиликтүү тургундар боз үйдө меймандарды кабыл алышып, өз ишкерчиликтерин жүргүзүшөт. Сезон убагында жакшы киреше таап алышат.

«Түшкөн кирешенин 30 пайызын Күн Чыгыш айыл өкмөтүнө төгүп, аймактын бюджетин толуктоого өз салымдарын кошуп турушат. Айыл өкмөтү да ишкерлерге колдоо көрсөтүп турат. Быйыл бул жакка келүүчү жол оӊдолуп, авто унаа кеӊири жүрүп калды», -дейт айыл тургундары.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...