Акыркы макалалар

Кыргыз бий сынак-фестивалына тандоо туру жүрүп жатат

Кыргыз бий сынак-фестивалына тандоо туру жүрүп жатат

Кыргыз эл бий сынагына тандоо туру башталып, кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу сынактын уюштуруучулары - "Улут Жүзү" коомдук фондунан билдиришти.

Сынактын негизги максаттарынын бири - кыргыз эл бийин жандандыруу жана өнүктүрүү жана элдик бий өнөрүн сүйүүчү ышкыбоздорду колдоо. Сынакка жеке аткаруучулар жана чыгармачыл топтор катыша алат. Байге фонду бир миллион сомду түзөт. "Кыргыз эл бий сынагын өткөрүү боюнча демилге биздин фонд тарабынан 2012-жылы көтөрүлүп, ушул эле жылы бул сынакка Кыргыз патент тарабынан автордук укук алынган. Изилдөөчүлөрдүн айтымында кыргыз элинин ондон ашуун элдик бийлери болгон. Бирок, өкүнүчтүүсү, ар кандай себептерден улам алардын көбү унутулуп, бизге чейин жеткен эмес. Ал эми айрым бийлер Кытай, Тажикстанда жашаган кыргыздарда сакталып калган. Ошондуктан, чет өлкөдө жашаган боордошторубуз да катышсын деген максатта эл аралык сынак жарыяладык", - дейт уюштуруучулар. Сынак программасын кароо жана баалоо үчүн, курамы тажыйырбалуу, кесипкөй хореографтар, фольклорист-окумуштуулар, маданият жана искусство ишмерлеринен турган калыстар тобу түзүлөт. Тандоо туру 30-августка чейин уланат. Экинчи турда - жеӊүүчүнү тандоо үчүн баардык каалоочулар интерактивдик добуш берүүгө катыша алат. Сынак кыргыз эл бий фестивалы менен жыйынтыкталат. Уюштуруу тобунун мындай маданий иш-чаралардын катарын толуктаган бий сынак-фестивалын жыл сайын өткөрсөк деген пландары бар.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...