Акыркы макалалар

Аракечтик аялдагы ыйык сезимди өлтүрөт

Аракечтик аялдагы ыйык сезимди өлтүрөт

Наркологдор аракечтикти психологиянын рак оорусуна салыштырышат. Рак оорусу кандай айыкпаган дарт болсо, аракечтик да андан кем калбайт.

Турмуштун ачуу чындыгынын бири аракечтик. "Арактын артынан кууп кетүү сасык тумоо, сарык сыяктуу эле оору. Мени жемелебей мага жардам бербейсиңерби!" деп бир бөтөлкө менен дос болгон киши догурунуп айткан экен. Ал эми наркологдор аракечтикти сасык тумоо эмес, психологиянын рак оорусуна салыштырышат. Рак оорусу кандай айыкпаган дарт болсо, аракечтик да андан кем калышпайт.

Аракеч төмөнкү үч стадияны басып өтөт:

Биринчи стадия – башында ууртап-татып жүргөн доза аздык кылат. Буларга доктурга кайрылуунун кажети жок, себеби өздөрү ченем менен эле ичип жатам деген ойдо болушат. Жүрүм-турумунда өзгөрүү болуп, оройлук, кыжырдануу байкалат.

Экинчи стадия- жашоосундагы ыңгайсыздыкты, жетишпестикти айтор баардык жаман нерсени арак жууп кетет деген түшүнүктө болушат. Биринчи стадиядагыдан айырмасы арактын көлөмүн 2-3 эседен 5-6 эсеге көбөйтөт.

Үчүнчү стадия – Бир нерсеге болгон кызыгуу түп-тамыры менен жоголуп, алдыңкы максатка ууртай турганга арак табу болуп калат. Мурдакыдай арактын көлөмүн организм көп кабыл албайт. Ичпеген күндө деле эс-мас абалда болуп, ой жүгүртүү функциясынан ажырайт.

Арак деген кызылдай азап

- Көбү арак ичкенде адамдын дене табы көтөрүлөт деген жаңылыш ойдо болушат. Тескерисинче арак ичкенде адамдын денет абы бир канча градуска түшөт.

- Кандай жер-жемиш болбосун, анда болоор-болбос алкоголдун курамы бар.

- Арактын артынан кууп ичкендердин катарында белгилүүлөр да бар. Владимир Высоцкий арактын айынан көз жумса, Михаил Боярский 1994-жылдан бери аракечтиктен даарыланып келет. Мындай белгилүүллөрдүн катарында айымдар да жок эмес. "Кел, үйлөнөбүз" берүүсүн негиздеген Лариса Гузеева, кадимки эле ырчы Бритни Спирс, актриса Кристин Дэвис да аракечтиктин азабын тартып келишет.

- Кыргызстанга кайтып келсек, адистердин билдиргенине караганда майрамдардан кийин алардын жардамына болжол менен миң, бир жарым миңдей адам кайрылат экен.

Дарылоо жолу

Эс-учурун билбей келген оорулууну алгач анализдерин текшеришет. Алына жараша дарылоонун жолдору бар. Плазмоферин менен гемосорбция эң эфективдүү жол. Гемосорбция – атайын аппарат менен канды тазалап, зыяндуу токсиндерди фильтирлейт. Андан кийин тийиштүү уколдорду, иче турган дарыларын жазып беришет. Код кюуу ыкмасы да кеңири тараган. Оорулуунун психологиясына "эми бир жолу ичсең өлөсүң" деген түшүнүктү кыттай кую болуп саналат. Бишкекте жеке наркологдордун кызматы ар кандай. Аз дегенде 2000 сомдон башталып 3500 сом менен аяктайт. Анын ичинде капельница (канды тазалоо), нервди эс алдыруучу дарылар, ысык укол, психологдун жардамы кирет.

Республикалык Наркология борборунда 32 жылдан бери иштеп келе жаткан Какелов Мырзабек арак ичкен адамдын аң-сезимин жадыбалдай жаттап бүткөн. Ал тургай кыздарга тамашалап: "Күйөөгө тие турган болсоңор жигитиңерди мас кылгыла, эртеси күнү жолугушууга келбей калса анда ал жигиттен кол үзсөңөр болот" деп айтып калат. Тамашасы жок айтканда, аракты эч ким жеңе албайт деген пикирди карманат.

Мырзабек Какелов: "Арак аялдагы ыйык сезимди өлтүрөт"

- Аракечтикти мен психологиянын рак оорусуна салыштыраар элем. Айыкпаган азаптуу оору. Кандай адис болбосун аракечтиктен түп-орду менен айыктыра албайт. Болгону бир азга токтотуп, спирт ичимдике болгон каалону басаңдатып коебуз. Эгер ошол учурда оорулуу көңүлү болсо андан ары айыгып кетет. Болбосо түп-орду менен жоголот.

- Бул оору тукум куушу мүмкүнбү?

- Тукум куубайт. Бирок баланын көзүнчө ата-энеси ичип, же конок чакырып жатканда арак алып келгенин көрсө анын аң-сезими ошого калыптанат. Мен да кийин ушинтем деген ойдо калышат. Арак ичкен адам эч кимге зыяны тийбесе да турган турпаты менен айланадагылардын кыжырын келтирет. Эгер үйдө атасы ичсе аны эмчектеги бала да сезет. Бизде баш жазуу деген ыкма бар эмеспи. Мас болгондун эртеси бүткөн бою тырышып, кан айлануу процеси жайлайт. Бул белгилер алгач баш мээде байкалат. Анан жүрөк менен бөйрөкө жетет. Ошол учурда элүү грамм арак ичсе дене-бою жазылып, адам өзүн ашып кетсе эки саатка жакшы сезиши мүмкүн. Андан кийин кайра баягы көрүнүш кайталанып, эки саат сайын элүү граммдан ичип отуруп кечке чейин мас болот. Эртеси кайра эле ошол көрүнүш. Кыскасы, бул учу-кыйыры жок туюк айлана. Башында ичкичтер тынч болушат, кийин өзүнө ишеним артканда "буйный" болуп чыга келишет.Колуна келгенин сабап, талкалап эртеси күнү кылыгын видеого тартып алып көрсөтсөң да мойнуна алышпайт. Анткени аракечтин психологиясы ошондой түзүлгөн.

- Эркеке караганда аял киши арака бат берилгени чынбы?

- Анатомиялык түшүнүктө алып карасак экөөнүн организими бирдей. Бирок психологиялык жактан аял батыраак "сынат". Дүйнө жүзүндө мен билгенден энелик сезимден өткөн ыйык сезим жок. Арака берилген аялдын психологиясынан, жүрөгүнөн бара –бара ошол сезим сүрүлүп чыгат да, баарына кайыл болуп калат. Анан элестетип көргүлө, ыйык сезимди өлтүрүп жаткан аракты кантип жеңүүгө болсун?

- Сиздин практикаңызда эң оор жагдай деп кайсыны белгилейт элеңиз?

- Үч жумалап тынбай арак ичип калгандарды көрдүм. Туугандары жетелеп келишет. Канын тазалап, даарысын куюп, экинчи ичсең өлөсүң деп жакшылап түшүндүрүп жөнөтөсүң. Тилеке каршы, беш-алты жылдан кийин баягы абалы унутулуп, өзүнө болгон ишеним артып бөтөлкөгө кол сунушат.

- Азыр ким көп, наркологдор көп болуп кетти. Замандын талабы ушундайбы?

- Үйүңө барып дарылап берем дегендин көбү афиристтер. Көп акча сурап ооруну түп-тамыры менен жоготом деген жомок. Дагы бир жолу баса белгилейин, аракечтикти эч качан түп-тамыры менен даарылоого мүмкүн эмес. Кээ бири артык кылам деп чала сабат адистер туура эмес дары куюп алышат. Жыйынтыгында оорулуу өлөт. Анын өлүмүн арак акыры алып тынды деп коюшат. А чынында канына эмне дары куюлганын, "адистин" катасын эч ким текшербейт.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...