Акыркы макалалар

Жергиликтүү тургундар Миң-Куш - Арал жолуна өкмөт тарабынан каражаттар бөлүнбөй жатканына нааразы болушту

Жергиликтүү тургундар Миң-Куш - Арал жолуна өкмөт тарабынан каражаттар бөлүнбөй жатканына нааразы болушту

Президент, өкмөт жана премьер-министрдин баары Миң-Куш шаары жүрөктүн борборунда дешет. Мындай маалыматты бүгүн, 21-июлда Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургундары ЖК депутаты Дамира Ниязалиева менен жолугушуусунда билдиришти, деп кабарлады аймактык кабарчы.

Эл өкүлү тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү менен биргеликте иш сапарынын жүрүшүн Жумгал жергесинде баштап, алгач Миң-Куш айылынын тургундары менен жолугушкан.

Анда Миң-Куш айылынын тургундары эң көйгөйлүү маселе катары Миң-Куш - Арал жолуна өкмөт тарабынан каражаттар бөлүнбөй жатканына нааразы болушуп, «биздин үндү өкмөт эч качан укпай калды. Жолубуз барган сайын кичирейип баратат, аны кеңейтип беришсе жакшы болот эле. 4 кварталга карала турган каражатты ушул 3 кварталга карап, кыш мезгили келгичекти жолубузду оңдоп беришсин», - деген талаптарды коюшту.

Ошондой эле, алар: «Президенти, өкмөт жана премьер-министр деле Миң-Куш жүрөктүн борборунда дешет, а бирок бизди караган киши жок», - дешти айыл жашоочулары.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...