Акыркы макалалар

Электр бөлүштүрүүчү ишканалардан 433 кызматкер бошотулган


2013-жылы бөлүштүрүүчү ишканалардан начар деген баа менен 433 кызматкер жумуштан алынган. Бул тууралуу бүгүн Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматы билдиргендей коррупция менен күрөшүү иштеринин алкагында 2013-жылы бөлүштүрүүчү компаниялардан начар деген баа менен 433 кызматкер жумуштан четтетилген.

Анда "Түндүкэлектрден" 48, "Чыгышэлектрден" 26, "Ошэлектрден" 203 жана "Жалалабадэлектрден" 156 кызматкер жумуштан алынгандыгы маалым болгон.

Ошондой эле электр менен камсыздоону жакшыртуу максатында ар бир райондогу электр станцияларында борборлор уюштурулган. Маалыматка ылайык тургундар бул борборлорго өздөрүнүн арыздары менен кайрыла алышат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...