Акыркы макалалар

Быйыл Ысык-Көл облусунда белгилүү инсандардын мааракелери белгиленет

Быйыл Ысык-Көл облусунда белгилүү инсандардын мааракелери белгиленет

Анткени бул жылы Ысык-Көл облусунан чыккан белгилүү инсандар С.Каралаевдин 120 жылдыгы, К.Жантөшевдин 110, А.Буйлаш уулунун 190, У.Мамбеталиевдин 80, З.Соронбаеванын 90 жылдыгы өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди.

Улуу инсандардын юбилейлерине арналган маданий иш-чаралар облустун бардык район, шаарларында уюштурулуп, көргөзмөлөр даярдалып өткөрүлүүдө. Атайын жумушчу топтору түзүлүп, иштеп жатышат.

“2014-жыл Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө” жылына карата облуста маданият тармагында бир топ маданий – массалык иш-чаралар, кароо-сынактар, көргөзмөлөр уюштуруп өткөрүлүүдө. Элибиздин ынтымагын, биримдигин бекемдөө, улуттар аралык мамилени жакшыртуу максатында атайын үгүт кербени түзүлүп, облустун “Ынтымак ордо” коому менен бирдикте “Ынтымак кербени” деген ат менен райондордун борборлоруна, айылдарына, шаарларда концерттик программа тартууланып үгүт-насаат иштери жүргүзүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...