Акыркы макалалар

Токтогулдун эли премьер-министр Ж.Оторбаевден Т.Сатылганов атындагы элдик театрды калыбына келтирүүнү суранышты

Токтогулдун эли премьер-министр Ж.Оторбаевден Т.Сатылганов атындагы элдик театрды калыбына келтирүүнү суранышты

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында19-июль күнү Токтогул районуна караштуу Барчын жергесинин эли менен жолугушту.

Жумушчу жыйынында жергиликтүү эл Т.Сатылганов атындагы элдик театрды калыбына келтирүү сунушун киргизди.

Маалыматка ылайык, аталган театр республикалык бир катар сынактарда жеңүүчү аталып, бир топ ийгиликтерге жетишкен таланттуу адамдардын тобунан туруп, 2 жыл мурун акча каражатынын жетишсиздигинен улам өз ишмердүүлүгүн токтоткон.

Жыйындын жүрүшүндө аны калыбына келтирүү өтүнүчү айтылып, премьер-министр Ж.Оторбаев бул маселе боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигине билдирилип, тийиштүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...