Акыркы макалалар

Куудул Жаныбек Алыкуловдун сөөгү бүгүн жерге берилет

54 жашында дүйнө салган белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловдун сөөгү бүгүн Бишкектин Ала-Тоо конушунда жерге берилет. Коштошуу зыйнаты саат 10:00дө башталат.

Куудул, ырчы, пародист, коомчулукка "Шорпо" деген ат менен таанымал болгон Жаныбек Алыкулов 20-июлда оорудан улам көз жумду. Жакындарынын айтымында, ал кант диабети менен ооруп жүргөн жана акыркы 3 күн эсине келе албай жаткан.

Маркум 1960-жылы Жалал-Абаддын Аксы районундагы Жаңы-Жол айылында туулган. Артында 4 уул, 2 кызы калды. Ал 1981-жылдан бери сахнадан түшпөй, чыгармачылык менен алектенип келген, бирок эч кандай мамлекеттик сыйлыкка илинген эмес.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...