Акыркы макалалар

ЖМК: Кыргызстан казак газына Швейцариядан үч эсе жогору төлөйт

Кыргызстан казак газына Швейцариядан үч эсе жогору төлөйт. Ошол эле маалда Швейцария Казакстандан көгүлтүр отунду баарынан арзан сатып алат. Бул тууралуу zakon.kz маалымат булагы Казакстандын каржы министрлигинин бажы көзөмөлү комитети берген маалыматка шилтеме кылуу менен кабарлайт.

Бажы биримдигинин өлкөлөрүн эсепке албаганда Казакстан 2014-жылдын январь-май айында 4 841,5 млн кубометр газды экспортко чыгарган, бул көлөм жагынан өткөн жылдын ушул маалына салыштырганда 3,4 пайызга көп болсо, сумма жагынан 8,8 пайызга аз.

Негизинен Казакстан Украинага 1 миң кубометр газды - 165,9 доллардан, Швейцарияга -73,8 доллардан, Польшага -132,9 доллардан, Кытайга -120 доллардан, ал эми Кыргызстанга - 249,6 доллардан сатууда.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...