Акыркы макалалар

Ошто Ленин чокусуна чыккан украиналык альпинист каза тапты

Ошто Ленин чокусуна чыккан украиналык альпинист каза тапты

Ош облусунун тоолорунда 17-июль күнү альпинист, Украинанын жараны 51 жаштагы Дмитрий Сапунов каза тапты.

АКИpress'ке маалым болгондой, үч альпинист Ленин чокусуна чыгышкан, бирок 6,1 миң метр бийиктиктен Киев шаарынын жашоочусунун кан басымы көтөрүлүп, каза болду.

Учурда анын сөөгү өлүкканага алынып келди. Иштин чоо-жайын Чоң-Алай РИИБси териштирүүдө.

Бул маалыматты агенттикке Ички иштер министрлиги тастыктады.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...