Акыркы макалалар

Жаштар майрамдашат

Жалал-Абад шаарынын мэриясы, Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин (ЖЭИК М) шаардык жана областтык бөлүмү жана жаштар кеңеши менен биргеликте 10-ноябрь «жаштар күнү», 17-ноябрь «студенттер күнү» урматына 16-ноябрь күнү саат 15.00дө «Барпы» атындагы драмтеатрында майрамдык концерт өткөрүү ишине аракеттер жүрүүдө.

Башкы демөөрчүлөр “Билайн” компаниясы жана АВЕП коомдук фонду. Анда «Жылдын мыктысы» аттуу сынак өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө аталган компания тарабынан мобилдик телефондор жана Грамоталар берилмекчи. Мыкты жаш спортчуларды даңазалоо иретинде акчалай сыйлык жана Грамоталар тартууланат. Жаштарды мекенчилдикке, ынтымак, ыймандуулук сапаттарын арттырууга, улуу мурастарды жана мекенди сүйүүгө чакыруу, жаштарды активдештирүү жана коомдук ишке тартуу, жаштар кыймылдарын интеграциялоо - бул майрамдык концерттин негизги максаты.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...