Акыркы макалалар

Исфара-Ворух жолунун курулушунун кечиктирилишине бири-бирин күнөөлөп жатат

Кыргызстан менен Тажикстан Көк-Таш –Ак-Сай–Тамдык–Кишемиш жана Исфара–Ворух жолдорун куруу иштеринин кечиктирилишине бири-бирин күнөөлөп жатат. Бул тууралуу кечээ,17-июлда Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов КРнын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында айтылды деп билдирет ТИМ басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, жолдун курулушуна дээрдик 99% даярдык бар. "Кыргыз тарап Тажикстан тарапта кандайдыр бир көйгөйлөр бар деген пикирде экен. Ал эми биз Кыргызстан тарапта майда маселелер болуп жатат деген пикирдебиз. Министрлер абалды өздөрүнүн өкмөтүнө билдирүүсү керек. Жакынкы аралыкта жолду куруу иштери башталат деген үмүттөбүз. Өз кезегинде тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев тажик кесиптеши менен сүйлөшүүсүндө "Көк-Таш-Ак-Сай–Кишемиш–Тамдык" унаа жолунун курулуш иштеринин аякталышы Кыргызстандын чек арага жакын райондорунун жашоочулары үчүн абдан зарылдыгын жана актуалдуулугун белгилеп келген.Буга байланыштуу өкмөттөр аралык келишимдин негизинде бекитилген келишимде көрсөтүлгөн тартипти сактоонун жана аларды практикалык негизде өз учурунда жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн, тагыраак айтканда, "Кулунду-Максат" эки көпүрөсүнүн курулушун баштоонун маанилүүлүгү белгиленген",- деп айтылат маалыматта.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...