Акыркы макалалар

“Мейкин Азия” фестивалы 2015-жылы өткөрүлөт

Мейкин Азия” фестивалы 2015-жылы өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Марлен Соляной билдирди.

“Ысык-Көлдө өткөрүлө турган “Мейкин Азия” эл аралык фестивалын быйыл экинчи ирет өткөрүүнү пландап жатышкан. Ага жаш ырчылар арасында кастинг өткөрүлүп, жыйырмадан ашык өлкөгө жолдомо жиберилип, даярдыктар көрүлүп жаткан. Бирок, убакыт жакындап калганда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аталган фестивалды өткөрбөй токтотуп койгондугун билдиришти”, - деди басма сөз кызматчысы.

Анын бирден бир себеби каражаттын жоктугу. Ал эми фестиваль 2015-жылы өткөрүлмөй болду, деди ал.

Басма сөз катчы билдиргендей, “Мекин Азия” фестивалынын ордуна бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюну фестивалын өткөрүү пландалып жатат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...