Акыркы макалалар

Ошто өспүрүм бала эгин талаасынан граната таап алды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылындагы эгин талаасынан 14 жаштагы өспүрүм гранатага окшош жарылуучу зат таап алган. Каражатты ал ойноп жүрүп байкап калган эле. Бул боюнча баланын энеси Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган.

ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын баса сөз кызматы бүгүн, 16-июлда маалымдагандай, сырткы көрүнүшү "Ф-1" үлгүсүндөгү гранатага окшош жарылуучу каражатты милиция экспертизага жиберди.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...