Акыркы макалалар

Таласта КРнын эмгек сиңирген артисти Ж.Сыйдалиевдин 100 жылдыгы белгиленет

Таласта КРнын эмгек сиңирген артисти Ж.Сыйдалиевдин 100 жылдыгы белгиленет

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жумалы Сыйдалиевдин 100 жылдыгы сентябрь айында анын кичи мекени Талас районундагы Калба айыл аймагында белгиленет, деп билдирди аймактык кабарчы.

Калба айыл өкмөтүнүн башчысы Фархат Ашыралиевдин айтымында, жакында эле А.Огомбаев айылындагы маданият үйүнө Жумалы Сыйдалиевдин ысмы ыйгарылды. «Бүгүнкү күндө маданият үйүнүн имаратын, тегерек-четин оңдоо жүрүп жатат», - деди ал.

Белгилүү комузчу жана аткаруучу Жумалы Сыйдалиев кыргызга белгилүү өнөр адамдары Эркесары, Атай, Шекербек, Мейилкан менен бир мезгилде жашап, Өзгөн, кийин Талас элдик театрларын негиздөөчүлөрдүн бири болгон. Эмгек Кызыл Туу ордени баштаган бир нече орден, медалдар менен сыйланган.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...