Акыркы макалалар

Премьер-министр JICA өкүлү менен кызматташуу маселесин тыкыр талкуулады

Бүгүн, 15-июлда, премьер-министр Жоомарт Оторбаев Япон эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) Чыгыш, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөр департаментинин Башкы директору Кае Янагисаваны кабыл алды.

Жолугушуунун ачууда Жоомарт Оторбаев белгилегендей, JICA менен кеңири тармактагы кызматташуу өнүгүү көрсөткүчүнө ээ болууда.

Жолугушунун жүрүшүндө тараптар автожолдорду реабилитациялоо, тактап айтканда, Ош-Баткен-Исфана жолу боюнча кредиттик долбоорду ишке ашырууга байланыштуу маселелерди талкуулады. Аталган долбоорго тартылчу инвестиция көлөмү 100 млн долларга жетиши мүмкүн.

Премьер-министр Кае Янагисавага 1996-жылдан тарта Кыргызстандын эл аралык транспорттук коридорлорун калыбына келтирүүгө 1,9 млрд доллардан ашуун каражат салынгандыгын маалымдады. Натыйжада, 1500 км жол реабилитацияланып, ал эми 1000 км ашуун жол учурда реабилитацияланууда. Жоомарт Оторбаев жолду күтүүгө байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Андан соң, өкмөт башчы белгилегендей, гранттык долбоорлор алкагында япон тараптан республиканын бардык облустары жолду кароо үчүн жабдуулар менен камсыз болгон. Техникалык жардамдын жалпы суммасы 40 млн доллардан ашуун сумманы түзөт. Тактап айтканда, АКШ тараптан 2010-2011 -жылдары Чүй жана Ысык-Көл облустарына болжол менен 11 млн доллардык 144 даана жабдуу берилген.

Ошондой эле гранттык келишим алкагында Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт дайрасындагы Көк-Арт көпүрөсүнүн курулушуна жалпы суммасы 12 млн долларлык көмөк көрсөтүлгөн.

Жолугушууда премьер-министр тарабынан Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен өлкөдө кошумча инвестициялар үчүн мүмкүндүктөр түзүлөөрү айтылды.

Өкмөт башчы Кыргызстандагы жолдорду камсыздоо боюнча кыргыз-япон окуу-изилдөө борборунун түзүлүшүн колдоого алаарын билдирди.

"Биздин билишибизче, япондук технологиялар жогорку деңгээлде өнүккөн, алардын борбор ишинде колдонулушу биздин кызыгуубузду арттырууда. Жаңы технологияларды киргизилиши жол-курулушу техникасын өз убагында диагностикалоого мүмкүндүк берет", - деди ал.

Андан соң тараптар "Бишкек-Ош автожолундагы кырсыктардын алдын алуу" долбоорунун маанилүүлүгүн талкуулады, аны ишке ашыруу алкагында бийик жерлерде жолду таш түшүүдөн сактоочу энергия токтотуучу торчолор жана көчкүлөргө каршы инженердик курулуштар орнотулат.

Мындан тышкары, тараптар "Манас" Эл аралык аэропорту жана "Кыргызаэронавигация" мамишканасы үчүн атайы авиациялык жабдуу жана техника алып келүү боюнча долбоорду ишке ашыруу маселесин козгоду.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кызматташууну активдештирүүгө багытталган биргелешип аракеттенүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...