Акыркы макалалар

Карганбек Самаков "Ата Мекенден" чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков "Ата Мекен" партиясынан чыкты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, депутат партиядан чыгуу боюнча "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге кайрылуу жиберген. Анда аталган партия 18 жылдан бери дуктатура менен коррупцияга каршы күрөшүп келгенин жана мындай эмгек эл арасында унутулгус бойдон калаарына токтолгон. Ал эми партиядан чыккан себебин парламенттик системадагы кемчиликтер түрткү болгонун билдирген.

Белгилей кетсек, ал мандатын тапшырбайт, депутаттык кызматын аркалай бере турган ниетин айткан.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...