Акыркы макалалар

Бишкекте "Кийиз+FILZ" деп аталган эл аралык көргөзмө өткөрүлөт

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 30-июлда "Кийиз+FILZ" деп аталган эл аралык көргөзмө ачылат. Бул тууралуу аталган музейден маалымдашты.

Көргөзмөгө Германиянын Wollknoll кийиз мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн жана доценттеринин эмгектери, Германия, Голландия, Люксембург жана Кыргызстандын кол өнөрчүлөрү менен заманбап сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлмакчы.

"Эки кийиз мектебинин, тактап айтканда, байыркы салтка ээ болгон кыргыз жана заманбап кийиз буюмдарын жасаган немис мектебинин жолугушуусу тажрыйба алмашуу жаатында өзгөчө кызык болмокчу",- деп кабарлашты музейден.

Көргөзмөнүн катышуучулары Германиядан келген чеберлер: Андреа Бауманн, Инге Бауер, Сузанне Марквадинг, Регина Матмүлер-Майер, Карин Мертес, Лида Румп Андреа Ульманн, Моника Фияла, Зигрид Шварценбергер, кыргызстандык: Чолпон Дэмут-Осмоналиева, Эркебү Жумагулова, Нурзат Жээнбек кызы, Анара Искакова, Алексей Лысогоров, Валерий Руппель жана "ТУМАР" арт-тобу, "БҮКӨН" студиясы болмокчу.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...