Бүгүнкү күндө Лейлек районунда абал тынч. Бул тууралуу Баткен областына караштуу Лейлек районунун "Жаңы жер" айыл өкмөтүнүн башчысы Саатбек Эгембердиев билдирди.
“Баткен жергесинде болуп жаткан окуялардан улам кооптонуулар пайда болбой койбойт. Чек ара аймагындагы айылдарда жашаган элдерге кыйын эле”,-деди С.Эгембердиев.
"Бүгүнкү күндө Лейлек районунда абал тынч. Бизде эч кандай пикир келишпестиктер болгон жок. Ал эми болуп жаткан окуяларга байланыштуу азыркы учурда текшерип өткөрүүчү жайлар күчөтүү режиминде иштеп жатат", - деп кошумчалады ал.
Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg
Азырынча бир да пикир жок...