Акыркы макалалар

Оштун борбордук базарында сезондук жер-жемиштерге болгон баа арзандоодо

Оштун борбордук базарында сезондук жер-жемиштерге болгон баа арзандоодо

Ош шаарынын борбордук базарында 13-июлга карата негизги сезондук жемиштердин баасы өткөн жумага салыштырмалуу алда канча төмөндөдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, сезондук мөмө-жемиштердин (алма, жүзүм, шабдаалы, дарбыз жана коон) баасынын төмөндөшү жума сайын орточо эсеп менен 10-15%ды түзүп, бул базарда аталган мөмө-жемиштердин көп болуп, быйылкы жылдын мол түшүмдүүлүгү менен түшүндүрүлөт.

Аны менен катар сатуучулар былтыркы жылы бул жер-жемиштерге болгон баанын жогору болгондугун билдиришти.

Аймактык кабарчынын мониторинги боюнча 12-июлга карата көлөмү жана сортторуна жараша негизги сезондук жер-жемиштер жана жашылча-жемиштерге болгон баа төмөнкүдөй болду:

1. Шабдаалы – 1 килограммы 100-110 сом;

2. Кара жүзүм – 1 килограммы 100-120 сом;

3. Алма – 1 килограммы 30-50 сом;

4. Алча – 1 килограммы 80-110 сом;

5. Помидор – 1 килограммы 25-30 сом;

6. Бадыраң – 1 килограммы 10-13 сом;

7. Болгар калемпири – 1 килограммы 25-30 сом;

8. Баклажан жана кабакча – 1 орточо даанасы 25-30 сом;

9. капуста – 1 килограммы 35-50 сом;

10.сарымсак – 1 килограммы 70-80 сом;

11. Картошка жана пияз – 15-20 сом;

12. Сабиз – 50-55 (сары сорттору) жана 60-65 (кызыл сорттору);

13. Дарбыз жана коон – в орточо даанасы 70-140 сом.

Сатуучулардын айтымында, быйыл түшүм жакшы болгондуктан картошканын июль айында нормага ылайык төмөндөгөн баасы октябрь-ноябрь айларына чейин кымбаттабаш керек.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын борбордук базарындагы бардык жашылча-жемиштер Ош шаарында жана Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат жана Алай райондорунда өстүрүлөт.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...