Акыркы макалалар

Бүгүн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 240 млн куб метрди түздү, 2013-жылдагы көрсөткүчтөн 21,5%га аз

Бүгүн, 15-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 240 млн куб метрди түздү, бул көрсөткүч 2013-жылдын ушул мезгилине карата 21,5%га аз, деп билдирди «Электр станциялары» ААКтын басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, 2013-жылдын ушул күнүнө карата суунун көлөмү 14,319 млрд куб метрди көрсөткөн.

Токтогул суу сактагычына агып кирген суунун көлөмү бүгүн, 15-июлга карата секундасына 568 куб метрди түзсө, мурунку жылы секундасына 581 куб метрди көрсөткөн.

Бүгүнкү күнгө карата суунун чыгашасы секундасына 262 куб метрди түздү.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...