Акыркы макалалар

Төкмө акын Барпы Алыкуловдун 130 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Бишкектеги Улуттук китепканада кечээ, 10-июлда төкмө акын Барпы Алыкуловдун 130 жылдыгына арналган "Гүлзар бактын булбулу" деп аталган китеп көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу аталган китепканадан маалымдашты.

Көргөзмөгө акын тууралуу китептер, эскерүүлөр, изилдөөлөр жана гезит, журналдарга жарык көргөн материалдар коюлган.

Барпы Алыкулов 1884-жылы Жалал-Абад областынын Сузак районуна карашуу Акы айылында төрөлгөн.

Акындын чыгармачылыгынын башталышы XIX кылымдын соңуна туура келет. Мен көргөн күндө" деген чыгармасында Алыкулов өзүнүн тагдырын баяндайт. Улуу ата мекендик согуштан кийинки мезгилде ал "Ак Саткын менен Кулмырза", "Жалайыр жалгыз" деген элдик поэмаларды кайра иштеп чыккан.

Акындын наамы менен Сузак районундагы айыл, мектептер, калаадагы көчөлөр аталган.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...