Акыркы макалалар

Кадамжайлык журналисттин ур-токмокко алынышы кызматтык ишмердүүлүгү менен байланыштуу болсо тиешелүү чара көрүлөт, - Маданият ми

Кадамжайлык журналисттин ур-токмокко алынышы кызматтык ишмердүүлүгү менен байланыштуу болсо тиешелүү чара көрүлөт, - Маданият ми

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кадамжайлык журналисттин ур-токмокко алынышына тынчсызданаарын жана бул көрүнүш адам укуктарын кемсинтүү болуп саналаарын билдирди. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин маалыматтык саясат башкармалыгы Өзбекстан жарандары тарабынан ур-токмокко алынган Кадамжай райондук «Эл Жарчысы» гезитинин редактору Кайрат Жапаров жана анын иниси менен байланышып, алар аталган фактты тастыкташты.

«Иликтөөнүн жыйынтыгында укук коргоо органдары тарбынан бул окуяга алып келген себеп такталыш керек», - деп билдирет басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, эгер коомдук тартипти бузуу журналисттин кызматтык милдеттери менен байланыштуу болсо, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тиешелүү чараларды көрө тургандыгы белгиленди. Министрлик окуянын мындан аркы өнүгүшүнө байкоо саларын кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...